Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 21-февралы № 01-4/12
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы турак жай имараттары үчүн салык ставкасынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы турак жай имараттары үчүн салык ставкасынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 19-февралындагы №01-19/10-сандуу катын айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Салык кодексинин 379-беренесине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы турак жай имараттары үчүн салык ставкасынын өлчөмү 12,66 сомго бекитилсин.
2.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы турак жай имараттары үчүн салык ставкасынын өлчөмү бекитилген тиркемеге ылайык иш алып баруу жагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б. Дуйшоев |