Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 29-ноябры № 8/ II
Жайылма айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана
маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча
жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24 -февралындагы ПЖ № 54 - “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү, үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында айыл өкмөтүнүн башчысынын “Жайылма айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча бекитилген жобосун бекитип берүү жөнүндө” кайрылуусун карап, талкуулап жана пикир алмашып,
Жайылма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайылма айыл аймагында үй - бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Джолдошевге жүктөлсүн.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
К. М. Жонгучкаев |