Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин
2025-жылдын 14-ноябрындагы № 09 буйругуна
тиркеме
Кыргыз Республикасынын
авиациялык метеорологиялык персоналы жөнүндө
Жобо
Кириш сөз
Кыргыз Республикасынын авиациялык метеорологиялык персоналы жөнүндө ушул Жобо (мындан ары — Жобо) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 01 буйругу менен бекитилген «АПКР-1. Авиациялык персоналга күбөлүк берүү» авиациялык эрежелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын авиациялык персоналынын күбөлүгүнө ээ болууга тийиш болгон авиациялык метеорологиялык персонал үчүн талаптарды белгилөө зарылчылыгына байланыштуу иштелип чыкты.
Жобо метеорология жана гидрология жаатындагы кадрларды окутуу жана даярдоо стандарттарын колдонуу боюнча Колдонмонун (ДМУ-№ 1083) 2024-ж., Техникалык регламенттин (ДМУ-№ 49 том 1) 2024-ж., Байкоо приборлору жана методдору боюнча Колдонмонун (ДМУ-№8 том V) 2018-ж., «Эл аралык аэронавигацияны метеорологиялык жактан камсыздоо» Эл аралык жарандык авиация жөнүндө Конвенциянын 3-тиркемесине ылайык иштелип чыккан.
Ушул документте камтылган жетекчилик көрсөтмөлөр Кыргыз Республикасындагы жарандык авиациянын учуу ишин метеорологиялык камсыздоого тартылган уюмдар тарабынан авиациялык метеорологиялык персоналды классификациялоодо, квалификациялык талаптарды жана кесиптик даярдыкты камсыз кылууда бирдиктүүлүктү камсыз кылууга тийиш.
АМП | Авиациялык метеорологиялык персонал |
АМСЖ АМБ | Авиациялык метеорологиялык станция (жарандык) Авиациялык метеорологиялык борбор |
КРАЭ-1 | Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелери «КРАЭ-1. Авиациялык персоналга күбөлүк берүү» |
БИП-М | Метеорологдор үчүн милдеттүү программалар пакети |
БИП-МТ | Техник-метеорологдор үчүн милдеттүү программалар пакети |
ДМУ | Дүйнөлүк метеорологиялык уюм |
ИКАО | Эл аралык жарандык авиация уюму |
КЖК | Квалификацияны жогорулатуу курстары |
КР | Кыргыз Республикасы |
КР ЖАО КККАПКДТП | Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация органы Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыздоого катышкан авиациялык персоналды кесиптик даярдоонун типтүү программалары |
1. Кыргыз Республикасынын авиациялык метеорологиялык персоналы жөнүндө ушул Жобо (мындан ары — Жобо) жарандык авиациянын учууларын метеорологиялык камсыздоого тартылган адистердин кесиптик даярдыгына, ишке уруксат алууга, тастыктамалоого жана квалификациясын жогорулатууга коюлган бирдиктүү талаптарды белгилөө максатында иштелип чыккан.
2. Жобо авиациялык метеорологиялык персоналдын (АМП) компетенттүүлүгүнүн жогорку деңгээлин камсыздоого, квалификациянын бирдиктүү системасын колдонууга жана алардын даярдыгын Эл аралык жарандык авиация уюму (ИКАО) жана Дүйнөлүк метеорологиялык уюм (ДМУ) тарабынан белгиленген эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө багытталган.
3. Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүк жүргүзгөн авиациялык метеорологиялык бөлүмдөрдүн бардык адистерине, ошондой эле жарандык авиациянын метеорологиялык камсыздоосу жана авиациялык метеорология боюнча даярдоо жүргүзгөн кошумча кесиптик билим берүү (квалификацияны жогорулатуу) мекемелерине жана жарандык авиация тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга тиешелүү.
4. Ушул Жободо төмөнкү терминдер тиешелүү аныктамалар менен колдонулат:
Авиациялык метеорология – метеорологиялык шарттардын авиациялык техникага жана авиация ишмердүүлүгүнө тийгизген таасирин изилдеген, ошондой эле учууларды метеорологиялык камсыздоонун теориялык жана методикалык негиздерин иштеп чыккан колдонмо дисциплина.
Авиациялык метеорологиялык персонал (АМП) – Кыргыз Республикасында учууларды метеорологиялык камсыздоону ишке ашырган жана Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация органы тарабынан берилген авиациялык персоналдын күбөлүгүнө ээ болгон персонал.
Дүйнөлүк метеорологиялык уюм (ДМУ) – БУУнун метеорология тармагындагы адистештирилген өкмөттөр аралык мекемеси. Ал Жер атмосферасынын абалын жана анын океандар менен өз ара аракетин көзөмөлдөө боюнча БУУнун компетенттүү органы болуп саналат. ДМУ метеорологиялык документтердин стандарттык формаларын, аба ырайынын божомолдорунун терминологиясын, сандык жана тамгалык коддорду, маалымат берүү ыкмаларын, байкоо жүргүзүү мөөнөттөрүн, өлчөө тактыгынын талаптарын, ошондой эле бул максаттарда колдонулуучу шаймандарга жана жабдууларга коюлган талаптарды иштеп чыгат.
Диплом – жогорку же орто адистештирилген окуу жайды аяктагандыгы жана тиешелүү квалификация берилгендиги жөнүндө документ, ошондой эле илимий даража жана илимий наам берилгендиги тууралуу күбөлүк.
Сапат – Эл аралык стандартташтыруу уюму (ISO) тарабынан «өзгөчөлүктөрдүн жыйындысы талаптарга канчалык деңгээлде жооп берет» деп аныкталат.
Квалификация – адистикти алуу үчүн зарыл болгон билим берүү аркылуу адатта алынуучу базалык билимдердин минималдуу көлөмү.
Компетенция – кызматтык милдеттерди аткарууда белгилүү бир тапшырмаларды аткаруу үчүн талап кылынган билимдер, кесиптик көндүмдөр жана жүрүм-турум өзгөчөлүктөрү.
Кеңеш – учуу менен байланышкан фактылык жана/же күтүлгөн метеорологиялык шарттарды метеоролог же башка адис менен талкуулоо; талкуу суроолорго жоопторду камтыйт.
Метеоролог – метеорологдор үчүн милдеттүү программалар пакетин камтыган жогорку окуу жайында окуу курсун ийгиликтүү аяктаган адам.
Метеорологиялык маалымат – фактылык же күтүлгөн метеорологиялык шарттарга байланыштуу метеорологиялык кыскача маалымат, анализ, божомол жана башка билдирүүлөр.
Авиациялык метеорологиялык орган – эл аралык аэронавигацияны метеорологиялык камсыздоо үчүн арналган орган.
Метеорологиялык ыйгарым укуктуу орган – мамлекеттин атынан эл аралык аэронавигацияны метеорологиялык камсыздоону уюштурган жана метеорологиялык камсыздоо боюнча жөнгө салуу жана көзөмөл жүргүзгөн орган.
Байкоо (метеорологиялык) – бир же бир нече метеорологиялык элементтерди баалоо.
Нефанализ – булуттуулук боюнча маалыматтарды географиялык картада графикалык түрдө чагылдыруу.
Метеорологиялык тейлөө көрсөтүүчү – мамлекеттин атынан эл аралык аэронавигацияны метеорологиялык камсыздоону ишке ашыруу үчүн дайындалган тиешелүү уюм.
Прогноз (аба ырайы) – белгилүү бир убакытта же мезгилде белгилүү бир аймакта же аба мейкиндигинин бөлүгүндө күтүлгөн метеорологиялык шарттардын сүрөттөлүшү.
Синоптикалык карта – географиялык карта, анда метеорологиялык шарттар же элементтер сандар, символдор же изоплеттер менен көрсөтүлөт.
Сапат менеджмент системасы (СМК) – уюм тарабынан продукция жана кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон уюштуруучулук түзүм, процедуралар, процесстер жана ресурстар.
Эскертүү: СМСга байланыштуу терминология, сөздүк жана аныктамалар ушул Техникалык регламентте колдонулган ISO тарабынан кабыл алынган, айрыкча ISO 9000:2015 «Сапатты башкаруу системалары. Негизги жоболор жана сөздүк» жана ISO 9001:2015 «Сапатты башкаруу системалары» стандарттарына, ошондой эле ДМУ-№1100 «Улуттук метеорологиялык жана гидрологиялык кызматтар үчүн сапатты башкаруу системасын ишке киргизүү боюнча колдонмо» документине ылайык келет.
5. Кыргыз Республикасында АМПнын үч категориясы белгиленген, аларга тиешелүү квалификациялык белгилер ыйгарылат:
· инженер-синоптик / инженер-метеоролог;
· техник-синоптик;
· метеорологиялык жабдууларды техникалык тейлөө боюнча инженер.
6. АМП Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы (мындан ары — КР ЖАО) тарабынан берилген квалификациялык белгиси бар күбөлүккө ээ болушу керек.
7. Метеорологиялык персоналдын күбөлүгү Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны метеорологиялык камсыздоо тармагында анын ээсинин компетенттүүлүгүн тастыктоочу документ болуп саналат.
8. Күбөлүктүн формасы жана мазмуну КР ЖАО тарабынан аныкталат.
9. КР ЖАО күбөлүктү тиешелүү квалификацияга ээ, ишканаларда стажировкадан өткөн жана зарыл компетенцияларды өздөштүргөн талапкерлерге, ушул Жобонун 3-бөлүмүндө белгиленген талаптарга ылайык берет.
10. Күбөлүк алынмайынча талапкер аэродромдо АМПнын функцияларын өз алдынча аткарууга укугу жок.
11. КР ЖАО кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугу жоюла элек же алып салынбаган баган талапкерлерге күбөлүк бербейт.
12. КР ЖАО күбөлүк ээси үчүн ушул күбөлүктө көрсөтүлгөн укуктардан башка укуктарды бербейт.
13. Күбөлүктү берген КР ЖАО анын ээси күбөлүктө же квалификациялык белгилерде көрсөтүлгөн укуктарды аткарууга укуктуу экенин, эгерде ал өз квалификациясын сактап, тажрыйбасы Кыргыз Республикасында белгиленген талаптарга жооп берсе гана, кепилдик берет.
14. АМПнын күбөлүгүн узартуу ар 3 жылда бир жолу жүргүзүлөт.
15. Инженер-синоптиктерге / инженер-метеорологдорго метеорологиялык камсыздоо учурунда маалымат берүү каражаты катары колдонулган англис тилинде сүйлөй жана түшүнө билүү талабы коюлат.
Эскертүү. АМПны баштапкы даярдоодо ар кандай ыкмалар колдонулат: метеорология багытындагы жогорку окуу жайлардан, техникумдардан же колледждерден билим алуу, ошондой эле лицензиясы жана/же мамлекеттик аккредитациясы бар кошумча кесиптик билим берүү мекемелеринде кесиптик даярдыктан өтүү, метеорологиялык билимге ээ болбогон учурда иш ордунда окутуу менен айкалыштырылган.
16. Жогорку окуу жайында БИП-М метеорологдор үчүн милдеттүү программалар пакетин камтыган билим берүү программасы боюнча окууну аяктап, мамлекеттик үлгүдөгү жогорку метеорологиялык билим тууралуу дипломго ээ болгон адамдар авиациялык метеорология багытында адистешүү үчүн стажировкадан өтүшөт.
Квалификация «метеоролог» (анын ичинде «инженер-метеоролог», «адис-метеоролог» же «бакалавр-метеоролог») жогорку метеорологиялык билим берүү программасын өздөштүргөндөн кийин ыйгарылат.
17. Стажировка мөөнөтү адистин метеорология тармагындагы башка адистик боюнча тажрыйбасына жараша аныкталат:
1) Эгерде тажрыйбасы жок болсо, стажировка мөөнөтү 3 айды түзөт жана ал КР ЖАО тарабынан бекитилген КР коопсуздугун камсыздоого катышкан авиациялык персоналды кесиптик даярдоо боюнча типтүү программалардын талаптарына ылайык иштелип чыккан программа боюнча ишканада өтөт;
2) Эгерде тажрыйбасы бар болсо, стажировка мөөнөтү кыскартылышы мүмкүн, бирок 2 айдан кем болбошу керек.
18. «Метеоролог» квалификациясы төмөнкү адамдарга да ыйгарылышы мүмкүн:
1) физика, математика же маалыматтык технологиялар тармактарында жогорку окуу жайларында окуусун ийгиликтүү аяктаган жана мамлекеттик үлгүдөгү жогорку билим тууралуу диплом алган;
2) лицензиясы жана/же мамлекеттик аккредитациясы бар кошумча кесиптик билим берүү мекемелеринде БИП-М программасын ийгиликтүү аяктаган.
19. 18-пунктка ылайык билим алган адамдар авиациялык метеорология багытында адистешүү үчүн 6 айлык окуу жана стажировкадан өтүшөт. Программа КР ЖАО бекиткен АМП үчүн типтүү талаптарга ылайык иштелип чыгат. Эгерде адам техник-метеоролог квалификациясына ээ болсо, стажировка мөөнөтү кыскартылышы мүмкүн, бирок 4 айдан кем болбошу керек.
20. Орто адистештирилген окуу жайында БИП-МТ техниктер үчүн милдеттүү программалар пакетин камтыган билим берүү программасы боюнча окууну аяктап, мамлекеттик үлгүдөгү орто адистештирилген метеорологиялык билим тууралуу дипломго ээ болгон адамдар авиациялык метеорология багытында адистешүү үчүн стажировкадан өтүшөт.
Квалификация «техник-метеоролог» орто адистештирилген метеорологиялык билим берүү программасын өздөштүргөндөн кийин ыйгарылат.
21. Стажировка мөөнөтү техник-метеорологдун метеорология тармагындагы башка адистик боюнча тажрыйбасына жараша аныкталат:
1) Эгерде тажрыйбасы жок болсо, стажировка мөөнөтү 2 айды түзөт жана ал КР ЖАО тарабынан бекитилген КККАПКДТП талаптарына ылайык иштелип чыккан программа боюнча ишканада өтөт;
2) Эгерде тажрыйбасы бар болсо, стажировка мөөнөтү кыскартылышы мүмкүн, бирок 1 айдан кем болбошу керек.
22. «Техник-метеоролог» квалификациясы төмөнкү адамдарга да ыйгарылышы мүмкүн:
1) жогорку окуу жайында окуусун ийгиликтүү аяктап, жогорку билим жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплом алгандарга, же орто атайын окуу жайында окуусун аяктап, орто техникалык билим жөнүндө диплом алгандаргажогорку билимге ээ болгон же орто техникалык билимге ээ болгондорго;
2) метеорологдор үчүн МТБ-БИП милдеттүү программалар пакети боюнча лицензиясы жана/же мамлекеттик аккредитациясы бар кошумча кесиптик билим берүү мекемелеринде окуу курсун ийгиликтүү аяктагандарга (милдеттүү түрдө).
23. 22-пунктка ылайык билим алган адамдар авиациялык метеорология багытында адистешүү үчүн 3 айлык окуу жана стажировкадан өтүшөт. Программа КР ЖАО бекиткен КККАПКДТП талаптарына ылайык иштелип чыгат.
24. Техник-метеоролог квалификациясы жогорку окуу жайында ийгиликтүү окуусун аяктап, жогорку метеорологиялык билим жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплом алган адамдарга да ыйгарылышы мүмкүн..
25. 24-пунктка ылайык билим алган адамдар авиациялык метеорология багытында адистешүү үчүн стажировкадан өтүшөт. Стажировка мөөнөтү тажрыйбанын болушуна жараша аныкталат:
26. Метеорологиялык жабдууларды техникалык тейлөө боюнча инженер квалификациясы жогорку окуу жайында ийгиликтүү окууну аяктаган жана жогорку метеорологиялык билим же жогорку техникалык билим жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплом алган адамдарга ыйгарылышы мүмкүн.
27. 26-пунктка ылайык билим алган адамдар ишканада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу гидрометеорология боюнча агенттиги тарабынан бекитилген ТПППАП талаптарын эске алуу менен түзүлгөн метеорологиялык жабдууларды техникалык тейлөө боюнча инженерлер үчүн бекитилген программа боюнча окуудан жана стажировкадан өтүшөт. Окуу жана стажировка мөөнөтү 2 айды түзөт.
28. Квалификацияны жогорулатуу максаты – адистердин теориялык жана практикалык билимдерин жаңылоо, квалификация деңгээлине коюлган талаптардын өсүшүнө жана кесиптик милдеттерди аткарууда заманбап ыкмаларды өздөштүрүү зарылдыгына байланыштуу.
29. Метеорологиялык персоналдын квалификациясын жогорулатуу зарылчылыкка жараша, бирок кызматтык ишмердүүлүк мезгилинде ар 5 жылда кем эмес бир жолу жүргүзүлөт.
30. Квалификацияны жогорулатуу кошумча кесиптик билим берүү мекемелеринде, ошондой эле жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринде уюштурулат, алар квалификацияны жогорулатуу боюнча кошумча билим берүү программаларын ишке ашырышат.
31. АМП күбөлүгүн алуу үчүн талапкерлердин билимдерин жана квалификациясын текшерүү КР ЖАО тарабынан бекитилген процедураларга ылайык жүргүзүлөт.
32. Текшерүү КР ЖАО тарабынан дайындалган жана «Дайындалган экзаменатордун күбөлүгүнө» ээ болгон экзаменаторлор тарабынан жүргүзүлөт.
33. Билимди текшерүү компьютердик программалардын жардамы менен, билеттер боюнча жазуу же оозеки суроо түрүндө жүргүзүлүшү мүмкүн.
34. Зарыл болгон учурда автоматташтырылган компьютердик программалар менен билимди текшерүү экзаменатордун катышуусуз оператор тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Бул учурда экзаменатор талапкер менен оозеки маек өткөрүүгө же компьютердик тестти кайра жүргүзүүгө укуктуу, текшерүүнүн жыйынтыгын ырастоо же акыркы чечим кабыл алуу максатында.
35. Экзамен тапшырууга уруксат берилген экзаменатор экзамендерди өткөрүү процедураларын сактоо жана талапкерлерди объективдүү баалоо үчүн жоопкерчилик тартат, ошондой эле өзүнүн кесиптик деңгээлин жана квалификациясын дайыма сактап, жогорулатып туруу милдетин аткарат.
36. Аскердик же башка окуу мекемелеринде талапкер алган билим, жөндөмдөр жана тажрыйба тиешелүү документтер менен ырасталса, КР ЖАО тарабынан ушул Жобонун талаптарына ылайык келген бөлүктөрүндө таанылат.
37. Инженер-синоптик / инженер-метеоролог күбөлүгүн берүүдө коюлган талаптар:
1) жашы – талапкер 21 жаштан кем болбошу керек;
2) квалификациясы – талапкер төмөнкү багыттар боюнча жогорку билимге ээ болушу керек: метеорология, физика, математика же маалыматтык технологиялар;
3) тажрыйбасы – талапкер инженер-синоптик / инженер-метеорологдор үчүн программа боюнча окуу жана стажировка курсун төмөнкү мөөнөттө өткөн болушу керек:
- 3 ай – эгерде талапкер БИП-М программалар пакетин камтыган жогорку метеорологиялык билим тууралуу дипломго ээ болсо;
- 6 ай – эгерде талапкер физика, математика же маалыматтык технологиялар багытында жогорку билимге ээ болуп, БИП-М программасына ылайык баштапкы даярдык курсун аяктаган болсо.
Эскертүү: БИП-М программасына ылайык баштапкы даярдык курсунун дипломун талапкер ишканада окуу жана стажировка башталган күндөн тартып 1 жыл ичинде алууга тийиш;
4) талапкер төмөнкү тармактар боюнча инженер-синоптик / инженер-метеоролог күбөлүгүнө ылайык укуктарга жооп берген билим деңгээлин көрсөтүшү керек (Таблица 1):
Таблица 1. Инженер-синоптик / инженер-метеоролог күбөлүгүн алуу үчүн зарыл болгон дисциплиналар
| |
2. Атмосфералык илимдер: | |
физикалык метеорология | атмосферанын курамы, нурлануу жана оптикалык көрүнүштөр, термодинамика, булуттардын физикасы, чектик катмар метеорологиясы, байкоо жана приборлор, атмосфераны алыстан зонддоо; |
динамикалык метеорология | атмосферанын динамикасы, сандык аба ырайын божомолдоо (ЧПП); |
синоптикалык жана мезомасштабдык метеорология | орто кеңдиктер жана полярдык аймактардагы аба системалары, тропикалык жана субтропикалык системалар, мезомасштабдык системалар, аба ырайын байкоо жана талдоо, спутник жана радиолокация маалыматтарын колдонуу, аэросиноптикалык материалдарды талдоо, аба ырайын божомолдоо, коркунучтуу кубулуштар, Борбор Азиядагы синоптикалык процесстер; |
авиациялык метеорология | атмосферанын физикалык параметрлеринин учактарга тийгизген таасири, маалымат берүүдө колдонулган форматтар жана коддор, авиациялык аба ырайы божомолдору, учууларды метеорологиялык камсыздоо, авиация үчүн коркунучтуу кубулуштар боюнча эскертүүлөр; |
климатология | Жер-атмосфера системасы жана жалпы циркуляция, климаттын өзгөрүшү, регионалдык климат жана Кыргыз Республикасынын климаты, аэродромдук климат таблицалары жана отчеттор; |
3. Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелери | |
4. Сапатты контролдоо жана стандарттар | |
5) Талапкер төмөнкү компетенцияларга ээ экенин көрсөтүшү керек:
а) метеорологиялык кырдаалды талдоо жана үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү;
б) аэросиноптикалык материалдар, сандык божомолдоо ыкмалары, спутниктик маалыматтар жана мониторинг негизинде эксплуатациялык көз караштан аба ырайы божомолдорун негиздөө;
в) авиация үчүн маанилүү метеорологиялык кубулуштарды жана параметрлерди божомолдоо;
г ) коркунучтуу аба ырайы кубулуштары жөнүндө эскертүү берүү;
д) метеорологиялык маалыматтардын жана тейлөөнүн сапатын камсыздоо;
е) метеорологиялык маалыматтарды ички жана тышкы колдонуучуларга өз аймагында жана жоопкерчилик зонасында жайылтуу, авиациялык ишмердүүлүккө тийгизген таасирин эске алуу менен, авиациялык колдонуучулардын муктаждыктарына, эл аралык эрежелерге, жергиликтүү процедураларга жана артыкчылыктарга ылайык.
38. Техник-синоптик күбөлүгүн берүүдө коюлган талаптар:
1) жашы – талапкер 20 жаштан кем болбошу керек;
2) квалификациясы – талапкер жогорку билимге, орто метеорологиялык билимге же орто техникалык билимге ээ болушу керек;
3) тажрыйбасы – талапкер техник-метеорологдор үчүн программа боюнча окуу жана стажировка курсун төмөнкү мөөнөттө өткөн болушу керек:
· 2 ай – эгерде талапкер жогорку метеорологиялык билимге же орто адистештирилген метеорологиялык билимге ээ болсо жана БИП-МТ программасын камтыган дипломго ээ болсо;
· 3 ай – эгерде талапкер жогорку (метеорологиялык эмес) билимге же орто техникалык билимге ээ болуп, БИП-МТ программасына ылайык баштапкы даярдык курсун аяктаган болсо.
Эскертүү 1: БИП-МТ программасына ылайык баштапкы даярдык курсунун дипломун талапкер ишканада окуу жана стажировка башталган күндөн тартып 1 жыл ичинде алууга тийиш.
Эскертүү 2: БИП-МТ программасы боюнча диплом талап кылынбайт, эгерде талапкер аэродромдо техник-синоптик катары
4) талапкер төмөнкү тармактар боюнча техник-синоптик күбөлүгүнө ылайык укуктарга жооп берген билим деңгээлин көрсөтүшү керек (Таблица 2):
Таблица 1. Техник-синоптик күбөлүгүн алуу үчүн зарыл болгон дисциплиналар
| |
| · атмосферанын курамы жана түзүлүшү, · нурлануу, · атмосфералык басым, · абанын температурасы, · атмосфералык нымдуулук, · атмосферанын туруктуулугу, · шамал, · булуттар, жаан-чачын жана күн күркүрөө, · шүүдүрүм, кырпык жана туман, · атмосфералык оптикалык жана электрдик кубулуштар; |
| · белгилүү бир аймактагы аба ырайы, · аба массалары, · орто кеңдиктер жана полярдык аймактардагы аба системалары, · коркунучтуу аба ырайы кубулуштары; |
| · Кыргыз Республикасынын климатын классификациялоо жана сүрөттөө, · климаттык статистика; |
| · байкоо жүргүзүү жана аба ырайын мониторинг кылуу, · авиациялык метеорологиялык маалыматты берүүдө колдонулуучу форматтар жана коддор; |
| · приборлорду жайгаштыруу, · жер бетиндеги өлчөө приборлорунун иштөө принциби, · маалыматты чагылдыруу системалары (метеорологиялык маалыматтарды даярдоо); |
| |
| |
| |
5) талапкер төмөнкү компетенцияларга ээ экенин көрсөтөт же көрсөткөн:
а) метеорологиялык кырдаалды үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү;
б) метеорологиялык кубулуштар жана параметрлер боюнча байкоо жүргүзүү жана аларды каттоо;
в) метеорологиялык маалыматтын сапатын камсыз кылуу;
г) метеорологиялык маалыматты ички жана тышкы колдонуучуларга өз жоопкерчилик зонасындагы аймак жана аба мейкиндиги үчүн жеткирүү, метеорологиялык кубулуштардын жана параметрлердин авиациялык ишмердүүлүккө тийгизген таасирин эске алуу менен, авиациялык колдонуучулардын муктаждыктарына, эл аралык эрежелерге, жергиликтүү процедураларга жана артыкчылыктарга ылайык.
39. Метеорологиялык жабдууларды техникалык тейлөө боюнча инженердин күбөлүгүн берүүдө коюлган талаптар:
1) жашы – талапкер 21 жаштан кем болбошу керек;
2) квалификациясы – талапкер жогорку метеорологиялык же жогорку техникалык билимге ээ болушу керек;
3) тажрыйбасы – талапкер метеорологиялык жабдууларды техникалык тейлөө боюнча инженерлер үчүн программа боюнча 2 айлык окуу жана стажировка курсун ишканада өткөн болушу керек;
4) талапкер төмөнкү тармактар боюнча билим деңгээлин көрсөтүшү керек, ал метеорологиялык жабдууларды техникалык тейлөө боюнча инженердин күбөлүгүнө ылайык укуктарга жана милдеттерге жооп берет (Таблица 3):
Таблица 3. Метеорологиялык жабдууларды техникалык тейлөө боюнча инженердин күбөлүгүн алуу үчүн зарыл болгон дисциплиналар
| · математиканын негиздери, · метеорологиялык жабдууларды техникалык тейлөө менен байланышкан физиканын фундаменталдык принциптери жана теориялык негиздери, · электротехника, автоматика жана телемеханика, эсептөө техникасынын негиздери, өлчөө техникасы, программалык камсыздоонун негиздери, · метеорологиянын жана учууларды метеорологиялык камсыздоонун негиздери; |
| · материалдардын өзгөчөлүктөрү жана аларды жабдууларды долбоорлоодо колдонуу, анын ичинде конструкциянын жана системанын иштөө принциптери, · механикалык, электрдик жана электрондук кубат булагы, · метеорологиялык жабдуулардын прибордук жабдуулары жана индикация системалары; |
| · метеорологиялык жабдуулардын иштөө жөндөмдүүлүгүн сактоо үчүн аткарылышы керек болгон иштер, анын ичинде капиталдык оңдоо, учурдагы оңдоо, текшерүү, алмаштыруу, модификациялоо же конструкциядагы кемчиликтерди жоюу боюнча ыкмалар жана процедуралар, жабдуулардын техникалык тейлөө боюнча тиешелүү колдонмолордо көрсөтүлгөн методикаларга жана шайкештик стандарттарына ылайык, · программалык камсыздоонун жана байланыш каражаттарынын компоненттери, · кирүүчү маалымат булактарынан, кол менен жана автоматтык байкоолордон, радиолокаторлордон жана спутниктерден алынган маалыматтардагы каталарды иштетүү, сапатын контролдоо жана анализдөө үчүн стандарттык ыкмаларды колдонуу, · метеорологиялык маалыматтарды түзүү, · ар кандай сенсорлордон жана платформалардан алынган маалыматтарды өздөштүрүүдө метеорологиялык өзгөрмөлөрдүн талааларын түзүүдө колдонулуучу негизги операциялар, · метеорологиялык маалыматтарды иштетүү жана башкаруу, анын ичинде маалыматты чогултуу, уюштуруу, башкаруу жана сактоо, · маалымат берүү системаларын иштете билүү жөндөмү, · AFS эл аралык системасын колдонуу, · Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелери «КРАЭ-10. Авиациялык электробайланыш» боюнча тиешелүү бөлүгү, · автоматташтырылган метеорологиялык системалардын иштешин камсыз кылуу. |
| |
5) Кандидат төмөнкү компетенцияларга ээ экенин көрсөтөт же көрсөткөн:
· метеорологиялык жабдууларды жана системаларды жайгаштыруу, орнотуу;
· метеорологиялык жабдууларды жана системаларды иштетүүнү камсыз кылуу;
· бузулууларды аныктоо жана диагностика жүргүзүү;
· метеорологиялык жабдууларды жана системаларды оңдоо;
· коопсуз иш чөйрөсүн сактоо.
40.АМПнын күбөлүгүн узартууда билимди жана квалификацияны текшерүү Кыргыз Республикасындагы метеорологиялык тейлөөчү тарабынан бекитилген процедураларга ылайык жүргүзүлөт.
41. Эгерде АМП күбөлүгүндө көрсөтүлгөн функцияларды аткарууда 6 айдан 3 жылга чейинки үзгүлтүк болсо, жумуш ордунда стажировкадан өтүү талап кылынат. Анын узактыгы үзгүлтүктүн мөөнөтүнө жараша аныкталат.
42. Эгерде үзгүлтүк 3 жылдан ашса, АМП күбөлүгүн кайра ырастоо талап кылынат:
· өз алдынча иштөөгө уруксат алуу үчүн жумуш ордунда стажировкадан өтүү (узактыгы квалификациялык белгиге жана үзгүлтүктүн мөөнөтүнө жараша);
· тиешелүү билим деңгээлин жана компетенцияларды көрсөтүү.
43. Классты жогорулатууда билимди жана квалификацияны текшерүү Кыргыз Республикасындагы метеорологиялык тейлөөчү тарабынан бекитилген процедураларга ылайык жүргүзүлөт.
44. Классты жогорулатуу иш тажрыйбасына, иштеги жыйынтыктарга, билимди жана кесиптик көндүмдөрдү колдонуу жөндөмүнө, оперативдүү маселелерди чыгармачылык менен чечүүгө негизделет. Өз алдынчалык жана жеке жоопкерчилик сезими маанилүү фактор болуп саналат.
45. Ар бир талапкер классты жогорулатуу маселеси боюнча өзүнчө каралат, чечим түздөн-түз жетекчиси тарабынан кабыл алынат.
46. Акыркы чечим метеорологиялык тейлөөчү уюмдун квалификациялык комиссиясы тарабынан кабыл алынат.
47. АМПнын 3-классы күбөлүк жана квалификациялык белги берилген учурда ыйгарылат.
48. Инженер-синоптик/инженер-метеорологдун 2-классы төмөнкү талаптарга жооп берген талапкерлерге ыйгарылат:
1) инженер-синоптик/инженер-метеорологдун квалификациялык мүнөздөмөлөрүнө ылайык келүү;
2) 3-класстагы инженер-синоптик/инженер-метеоролог катары кеминде 3 жыл иш тажрыйбасы.
49. 1-класстагы инженер-синоптик/инженер-метеоролог квалификациясы төмөнкү талаптарга жооп берген талапкерлерге ыйгарылат:
1) квалификациялык мүнөздөмөлөргө ылайык келүү;
2) 2-класстагы инженер катары кеминде 5 жыл иш тажрыйбасы.
50. Техник-синоптиктин 2-классы төмөнкү талаптарга жооп берген талапкерлерге ыйгарылат:
1) техник-синоптиктин квалификациялык мүнөздөмөлөрүнө ылайык келүү;
2) 3-класстагы техник-синоптик катары кеминде 3 жыл иш тажрыйбасы.
51. Техник-синоптиктин 1-классы төмөнкү талаптарга жооп берген талапкерлерге ыйгарылат:
1) квалификациялык мүнөздөмөлөргө ылайык келүү;
2) 2-класстагы техник катары кеминде 5 жыл иш тажрыйбасы.
52. Метеорологиялык жабдууларды техникалык тейлөө боюнча инженердин 2-классы төмөнкү талаптарга жооп берген талапкерлерге ыйгарылат:
1) квалификациялык мүнөздөмөлөргө ылайык келүү;
2) 3-класстагы инженер катары кеминде 3 жыл иш тажрыйбасы.
53. Метеорологиялык жабдууларды техникалык тейлөө боюнча инженердин 1-классы төмөнкү талаптарга жооп берген талапкерлерге ыйгарылат:
1) квалификациялык мүнөздөмөлөргө ылайык келүү;
2) 2-класстагы инженер катары кеминде 5 жыл иш тажрыйбасы.
54. 3-классты алуу үчүн талапкер бардык дисциплиналар боюнча «жакшы» деген бааларга ээ болушу керек.
55. 2-классты алуу үчүн талапкер төмөнкү дисциплиналар боюнча, жок дегенде, «эң жакшы» деген бааларга ээ болушу керек:
1) инженер-синоптик/инженер-метеоролог үчүн:
- Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелери КРАЭ-3;
- метеорология;
- тейленүүчү аймактын климаттык өзгөчөлүктөрү;
2) техник-синоптик үчүн:
- Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелери КРАЭ-3;
- авиациялык метеорология;
3) метеорологиялык жабдууларды техникалык тейлөө боюнча инженер үчүн:
- метеорологиялык жабдууларды техникалык тейлөө эрежелери;
- аэродромдордогу автоматтык байкоо системалары.
56. 1-классты алуу үчүн талапкер бардык дисциплиналар боюнча «эң жакшы» деген бааларга ээ болушу керек.
57. Метеорологиялык камсыздоо нормаларын жана эрежелерин көзөмөлдөгөн, метеорологиялык камсыздоону уюштурган, аэродромдук метеорологиялык органдарды инспекциялаган төмөнкү кызматтык адамдар төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) метеорологиялык камсыздоо кызматынын/бөлүмүнүн жетекчиси:
- жогорку метеорологиялык билим;
- метеоадис катары кеминде 10 жыл иш тажрыйбасы, анын ичинде кеминде 3 жыл жетекчилик кызматта же башкы инженер-метеоролог/инженер-синоптик кызматында.
2) тийиштүү кызматтын/бөлүмдүн жетекчисинин орун басары:
- жогорку метеорологиялык билим;
- инженер-синоптик же инженер-метеоролог катары кеминде 5 жыл иш тажрыйбасы жана 2-класстагы квалификацияга ээ болуу.
3) АМБ/АМСЖ жетекчиси:
- жогорку метеорологиялык билим же физика, математика, маалыматтык технологиялар багытында жогорку билим жана БИП-М программасы боюнча ийгиликтүү окугандыгын тастыктаган документ;
- метеоадис катары кеминде 5 жыл иш тажрыйбасы жана 2-класстагы квалификацияга ээ болуу.
4) АМБ/АМСЖ жетекчисинин орун басары:
- жогорку метеорологиялык билим;
- инженер-синоптик катары кеминде 5 жыл иш тажрыйбасы жана 2-класстагы квалификацияга ээ болуу.
5) башкы инженер-синоптик/инженер-метеоролог:
- жогорку метеорологиялык билим же физика, математика, маалыматтык технологиялар багытында жогорку билим жана БИП-М программасы боюнча ийгиликтүү окугандыгын тастыктаган документ;
- инженер-синоптик/инженер-метеоролог катары кеминде 5 жыл иш тажрыйбасы жана 2-класстагы квалификацияга ээ болуу.
6) метеорологиялык жабдууларды техникалык тейлөө бөлүмүнүн жетекчиси:
- жогорку метеорологиялык билим же жогорку техникалык билим;
- башкы инженер катары кеминде 3 жыл иш тажрыйбасы жана 1-класстагы квалификацияга ээ болуу.
7) башкы инженер техникалык тейлөө боюнча:
- жогорку метеорологиялык билим же жогорку техникалык билим;
- инженер катары кеминде 5 жыл иш тажрыйбасы жана 2-класстагы квалификацияга ээ болуу.