МАРКАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылыш 4-кезектеги сессиясы
2021-жылдын 2-июлундагы № 12
Марказ айыл аймагынын Көк-Талаа айылындагы “Көк-Талаа” муниципалдык таза суу ишканасынын 2021-жылга бюджетин жана тарифтерин карап бекитип берүү жөнүндө
Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши Көк-Талаа айылындагы “Көк-Талаа” муниципалдык таза суу ишканасынын 2021-жылга карата бюджетин жана тарифтерин карап талкуулап чыгып, Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши Көк-Талаа айылындагы “Көк-Талаа” муниципалдык таза суу ишканасынын 2021-жылга карата бюджети жана көрсөтүлгөн тарифтери жактырылсын жана бекитилсин.
(Тиркемелер тиркелет)
2. Марказ айыл аймагынын башчысы К. Тургуновдун көзөмөлүнө калтырылсын.
Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
А. Салиева |