Редакцияот 02.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАРКАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылыш 4-кезектеги сессиясы

 

2021-жылдын 2-июлундагы № 13

Марказ айыл аймагындагы Жайыт Комитетинин төрагасы Г. Рахмановдун билдирүүсүн карап чыгуу жөнүндө

Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши Марказ айыл аймагындагы Жайыт Комитетинин билдирүүсүнө негиз Жайыт Комитетинин 2020-2021-жылдардагы иш планына өзгөртүүлөр киргизүү үчүн Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып, төмөнкүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши Марказ айыл Өкмөтүнүн аймагындагы Жайыт Комитетинин 2020-2021-жылдарга түзүлгөн бюджетине өзгөртүүлөр киргизилсин.

2.Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл Өкмөтүн КЭБ башчысы М.Исировко тапшырылсын.

3. Көзөмөлдөө жагы Марказ айыл Өкмөтүнүн башчысы К. Тургуновко милдеттендирилсин.

 

 

Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

А. Салиева