Редакцияот 02.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАРКАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылыш 4-кезектеги сессиясы

 

2021-жылдын 2-июлундагы № 15

Марказ айыл аймагынын Арпа-Сай айылындагы Арпасай орто мектебине кошумча каана класс куруу жөнүндө

Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши Марказ айыл аймагындагы Арпа-Сай айылындагы Арпасай орто мектебине кошумча каана класс куруу үчүн сметада көрсөтүлгөн акча каражатын бөлүп берүүгө Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып, төмөнкүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши Марказ айыл Өкмөтүнүн Арпа-Сай айылындагы Арпа-Сай орто мектебине кошумча каана класс куруу үчүн Марказ айыл Өкмөтүнүн сметада көрсөтүлгөн акча каражатын бөлүп берилсин.

2. Марказ айыл Өкмөтүнүн эсепчиси Исиров Мамырга акча каражатын бюджеттен ажыратып берүү жагы милдеттендирилсин.

 

 

Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

А. Салиева