МАРКАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Марказ айыл аймагынын айылдык кенешинин 7-чакырылыштын кезектеги алтынчы сессиясы
2021-жылдын 17-ноябрындагы № 30
Марказ айыл аймагынын жергиликтүү бюджеттин КЭБдин жетекчиси М. Исировдун 2021-жылга 9 айлыгына киреше жана чыгашасынын отчету жөнүндө
Марказ айыл аймагынын айылдык Кенеши, Марказ айыл аймагынын жергиликтүү бюджеттин 2021-жылга 9 айлыгына киреше жана чыгашасынын отчетун угуп, талкуулап чыгып, төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Марказ айыл Өкмөтүнүн КЭБ башчысы М. Исировдун 2021-жылга 9 айлык киреше жана чыгашасынын отчету жактырылсын.
2. Марказ айыл Өкмөтүнүн КЭБ башчы М. Исировдун 2021-жылга 9 айлык отчету “канааттандырарлык” деп табылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика, финансы, бюджет боюнча комиссиянын төрагасы К. Кааровго жүктөлсүн.
Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
А. Салиева |