Редакцияот 17.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАРКАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Марказ айыл аймагынын айылдык кенешинин 7-чакырылыштын кезектеги алтынчы сессиясы

 

 

2021-жылдын 17-ноябрындагы № 31

Марказ айыл Өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Марказ айыл Өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Исировдун 2021-жылдагы бюджети жөнүндөгү бир жылдык планга карата бөлүштүрүү жөнүндөгү билдирүүсүн карап талкуулап чыгып, Марказ айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Марказ айыл Өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Исировдун 2021-жылдагы бюджети жөнүндөгү билдирүүсү эске алынсын, чыгашалар бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилсин. (Тиркеме тиркелет)

2. Ушул токтомдун аткарылыш жагы айылдык Кеңештин Экономика, финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

А. Салиева