Загрузка документа…
ЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депуттатарынын (сегизинчи чакырылышын) кезектеги бешинчи сессиясы
2025- жылдын 28-мартындагы № 01-4/1
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү иш планын бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү иш планын бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү иш планына сунуштарды эске алуу менен толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү иш планында көрсөтүлгөн иш чаралардын мөөнөтүн так сактоо жана айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн пландын негизинде алып баруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Дуйшоев |