МАРКАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылыштын кезектеги жетинчи сессиясы
2022-жылдын 21-январындагы № 19
Марказ айыл аймагына караштуу айылдардагы арыктардын жээгине эгилген дарактарды кыюу жөнүндө
Марказ айыл аймагына караштуу Марказ, Көк-Талаа, Маяк, Достук, Арпа- Сай жана Пылдырак айылдарыннын ички арыктардын аталышы 9-9а Арпа-Сай айылы, Арпа-Сай жана Пылдырак Р-2 арыгы, Пылдырак Лаган каналынан Октябрь 50-жылдык каналынан Арпа-Сай айылы арыктардын жээгине мыйзамсыз эгилген бак-дарактарды кыюу жөнүндөгү маселени карап, талкуулап, чыгып Марказ айылынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Марказ айыл аймагына караштуу айылдардагы арыктардын боюна мыйзамсыз эгилген бак-дарактар кыйылсын.
2. Марказ айыл аймагына караштуу айылдардагы арыктардын жээгине мыйзамсыз эгилген бак-дарактар кыюу жагы айыл Өкмөтүнө караштуу СПАнын жетекчиси
Ы.Абдилатовго СПАнын өкүлдөрүнө жана Марказ, Көк-Талаа, Маяк, Достук, Арпа- Сай жана Пылдырак айылдарыннын айыл башчыларына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, жер-суу чарбасынын
тейлөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
А. Салиева |