Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2025-жылдын 19-ноябры № 313
Адистештирилген протездик-ортопедиялык буюмдардын жана ортопедиялык бут кийимдердин тизмесин, аларды даярдоого жана оңдоого чыгымдалган материалдардын жана убакыттын ченемдерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (мындан ары – Министрлик) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун ишке ашырууну камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Адистештирилген протездик-ортопедиялык буюмдардын жана ортопедиалык бут кийимдердин тизмеси 1-тиркемеге ылайык;
2) Адистештирилген протездик-ортопедиялык буюмдарды жана ортопедиялык бут кийимдерди чыгарууда чыгымдалган материалдардын жана убакыттын ченемдери 2-21-тиркемелерге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси протездик-ортопедиялык буюмдарды жана ортопедиялык бут кийимди даярдоодо ушул буйрук менен бекитилген ченемдерди милдеттүү түрдө аткарууну жана талаптарын сактоону камсыз кылсын.
3. Майыптыгы бар адамдарга жана улгайган жарандарга карата чечимдерди даярдоо башкармалыгы:
- буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде анын эки нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, аны жарыялоонун булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберсин.
4. Сатып алууларды уюштуруу жана техникалык тейлөө бөлүмү ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.
5. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 24-февралындагы № 32 “Адистештирилген протездик-ортопедиялык буюмдардын тизмесин, аларды жасоого жана оңдоого кетүүчү материалдардын жана убакыттын ченемдерин бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Чечимдерди көзөмөлдөө жана административдик камсыздоо башкармалыгы ушул буйрукту аткаруучуларга жеткирсин.
7. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин орун басары А.Дж.Орозбаевага жүктөлсүн.
8. Ушул буйрук Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Министр |
| К.Л. Сагынбаев |