МАРКАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылыштын кезектеги жетинчи сессиясы
2022-жылдын 21-январындагы № 20
Марказ айыл Өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетине 2021-жылдан калган калдыкка өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Марказ айыл Өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Исировтун 2021-жылдын бюджетинен калган калдык суммаларын туура пайдалануу боюнча билдирүүсүн карап талкуулап чыгып, Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Марказ айыл Өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Исировтун бюджет жөнүндөгү билдирүүсү “канаатандырылсын”.
2. Марказ айыл Өкмөтүнүн бюджетинин 2021-жылдан калган суммаларга өзгөртүүлөр киргизилсин. (тиркеме 2 барак тиркелет)
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин “Экономика, финансы, бюджет боюнча туруктуу” комиссиясына жүктөлсүн.
Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
А. Салиева |