Редакцияот 01.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кезексиз сессия

2025-жылдын 1-августу № 42/IX

Жайылма айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар

бирикмесинин 2025-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө

 

Жайылма айыл аймагынын “Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” маалыматын карап. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнундө” мыйзамынын 4 - беренесинин негизинде, жайыт жерлеринин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында, бекитүү жөнүндө талкуулап жана пикир алмашып,

Жайылма айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт комитетинин 2025-жылга жайыттарды пайдалануу үчүн акы төлөөгө сунушталган бюджетин төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:

-  Бодо малга - 140 сом бир мал башына.

-  Жаш бодо малга - 98 сом бир мал башына.

-  Жылкыга - 140 сом бир мал башына.

-  Майда малга - 28 сом бир мал башына.

-  башка айыл өкмөттөрдүн тургундарына 2025-жылга жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөм - эки эселенген төлөм.

2.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Д.Ногоевге жүктөлсүн.

 

 

Жайылма айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. М. Жонгучкаев