Загрузка документа…
KЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депуттатарынын (сегизинчи чакырылышын) кезектеги бешинчи сессиясы
2025- жылдын 28-мартындагы № 01-4/2
Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнүн 2025-жылдын 24-февралындагы №02-3/26 буйругунун негизинде Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү текшерүүнүн жыйынтыгын кароо жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагынын социалдык объектилерди жылытууга керектелүүчү көмүрдүн көлөмү 30,7 тонна, 118 400 (бир жүз он сегиз миң төрт жүз) сом ашыкча калдык калгандыктан, 2025-жылдын бюджетинен керектелүүчү көмүрдүн көлөмүнөн 30,7 тонна көмүр же 118 400 (бир жүз он сегиз миң төрт жүз) сом акча каражатын кыскартуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл аймагынын социалдык объектилерди жылытууга
керектелүүчү көмүрдүн көлөмү 30,7 тонна, 118 400 (бир жүз он сегиз миң төрт жүз) сом ашыкча калдык калгандыктан, 2025-жылдын бюджетинен керектелүүчү көмүрдүн көлөмүнөн 30,7 тонна көмүр же 118 400 (бир жүз он сегиз миң төрт жүз) сом акча каражаты кыскартылсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, бюджет, салык жана
ишкердүүлүктү колдоо боюнча комиссиясына тапшырылсын..
Төрага: | Б.Дуйшоев |