Редакцияот 01.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кезексиз сессия

2025-жылдын 1-августу № 44/IX

«Бактылуу Балалык» бала бакчасын муниципалдык менчикке

алууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6 - беренесине ылайык, Жайылма айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Д.Ногоевдин Жайылма айыл аймагындагы муниципалдык менчикке кабыл алынбаган объектилер жөнүндө маалыматын карап чыгып, талкуулап жана пикир алмашып,

Жайылма айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Новопокровка айылындагы, Логвиненко көчөсү №25 дарегинде жайгашкан “Бактылуу Балалык” бала бакчасынын имаратын Жайылма айыл өкмөтүнүн балансына муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Д.Ногоевге жүктөлсүн.

 

 

Жайылма айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. М. Жонгучкаев