Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27 - ноябры № 759
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 “2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын (2025–2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилине I этап үчүн) 5-главасынын 1-пунктунун 2-пунктчасын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө жободо:
– 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы отуз экинчи абзац менен толукталсын:
“– коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштетүү үчүн жоопкерчилик тартат;”.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент жөнүндө жободо:
– 17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
“– коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштетүү үчүн жоопкерчилик тартат;”;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат жөнүндө жободо:
– 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
“– коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштетүү үчүн жоопкерчилик тартат;”;
3) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика илимий-изилдөө институту жөнүндө жободо:
– 22-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 61-пунктча менен толукталсын:
“61) коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштетүү үчүн жоопкерчилик тартат;”;
4) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Энергодолбоор” Кыргыз мамлекеттик илимий-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту жөнүндө жободо:
– 25-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 111-пунктча менен толукталсын:
“111) коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштетүү үчүн жоопкерчилик тартат;”.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 300 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызтранснефтегаз” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызтранснефтегаз” мамлекеттик ишканасынын уставында:
– 31-пункт төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
“– коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштетүү үчүн жоопкерчилик тартат;”.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |