Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-апрелиндеги № 23
Марказ айыл аймагынын Маданият үйүнүн жер аянтынан мектепке чейинки өнүктүрүү борборун долбоорун колдоо жана айыл өкмөтүнүн административдик кеңсесине жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Марказ айыл аймагынын Маданият үйүнүн жер аянтынан мектепке чейинки өнүктүрүү борборунун долбоорун колдоо максатында маданият үйүнүн 13300,0 ч.м жер аянттынын ичинен Марказ айыл Өкмөтүнүн балдар бакчасына 120,0 ч.м курулуш аянты, жалпы 1014,0 ч.м жер аянты жана айыл Өкмөтүнүн кеңсесине 2000,0 ч.м ажыратылып берүү жагы сессияда карап талкуулап Кеңеш төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мектепке чейинки өнүктүрүү борборунун долбоорун колдоо максатында жана айыл Өкмөтүн кеңсесине маданият үйүнүн имаратынан жана короосунан жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Мектепке чейинки өнүктүрүү борборун долбоорун колдоо маданият үйүнүн 13300,0 ч.м жер аянттынын ичинен балдар бакчасына 120,0 ч.м курулуш аянты, жалпы 1014,0 ч.м жер аянты ажыратылып берилсин.
3. Марказ айыл Өкмөтүнүн административдик кеңсесине 2000,0 ч.м жер аянты ажыратылып берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, жер-суу чарбасынын тейлөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
А. Салиева |