Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-апрелиндеги № 24
Марказ айыл Өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинен “Арпа-Сай” орто мектебине инвестиция тартуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Марказ айыл Өкмөтүнүн айылдык Кеңеши “Арпа-Сай” орто мектебине инвестиция тартууга өздүк салым катары 84000 (сексен төрт миң) сом акча каражатын бөлүп берүүнү сессияда карап талкуулап чыгып, Кеңеш төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Арпа-Сай” орто мектебине өздүк салым үчүн 84000 сом бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
А. Салиева |