Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 26-августундагы № 35
Марказ айыл аймагындагы айылдык Кеңеши Айрыбаз орто мектебинин директору А. Козибекованын билдирүүсүн кароо жөнүндө
Марказ айыл Кенешинин 19-август 2022-жылдагы “Айыл суу чарбасын тейлөө жана жер” боюнча туруктуу комиссиясынын протоколун жана “Айрыбаз” орто мектебинине караштуу Ош - Баткен жолунун боюндагы 200,0 ч.м (2 сотих) жер аянтын башка багытка өзгөртүп берүү жөнүндөгү билдирүүсүн карап, талкуулап, чыгып КРсынын жер Кодексинин 18-статьясына ылайык, айылдык Кеңеш төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Марказ айылындагы Айрыбаз орто мектебинин мамлекеттик актысын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. 200,0 ч.м жер аянтты айыл өкмөттүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
3. Марказ айылындагы Айрыбаз орто мектебинине караштуу Ош-Баткен жолунун боюндагы 200,0 ч.м (2 сотих) жер аянтын айыл Өкмөтү аукционго коюуга керектүү иш кагаздарын даярдап сатууга макулдук берилсин.
4. Ушул токтомдун атарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл суу чарбасын тейлөө жана жер” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
А. Салиева |