Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 26-августундагы № 44
Марказ айылынын айылдык Кеңеш А. Көчкөнов көчөсүнүн тургундарынын арызын кароо жөнүндө
Марказ айылынын А. Көчкөнов көчөсүнүн тургундарынын арызын карап, талкуулап, чыгып айылдык Кеңеш төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Марказ айылынын А. Көчкөнөв көчөсүнүн Кадамжай – Кызыл - Кыя трассасынан баштап “Лагон” каналындагы көпүрөөгө чейинки 1 км аралыгында жүк ташуучу унаалар, тракторлор жана айыл чарба техникалары жүрүүгө тыюу салынсын.
2. А. Көчкөнөв көчөсүнүн аталган бөлүгүндө жүк ташуучу унаалар, тракторлор жана айыл чарба техникаларынын жүрүүсүнө тоскоолдук кылуучу тосмо курулмаларды курууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, этика жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
А. Салиева |