Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 26-августундагы № 50
Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши Доочар участкасынын тургуну Кожомбаев Каныбек аялы Абдуллаева Айгулдүн артында 3 жаш балдары калган аларга жардам көрсөтүү жөнүндө
Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши Доочар участкасынын тургуну үй бүлөсү менен РФнын Улянов областында авто жол кырсыгына, душар болуп артында 3 жаш бала калгандыгын эске алып депутаттар сессияда карап, талкуулап, чыгып төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айылындагы жаңы конуштан № 6 лотогу 342,0 ч.м жер аянтын соода сатык үчүн аукционго коюулган жерди тоголок жетим калган балдар үчүн берилсин, алар Мукамадзакиров Адилет 8 жаш, Мукамадзакиров Мансурбек 6 жаш, Мукамадзакирова Мээрим 4 жаштагы балдар. 3 жаш баланын социалдык абалын көтөрүү үчүн ошол балдар келечекте чоңоюп 18-жашка толгондо, бирдей укукка ээ болуш үчүн чон атасы Кожомбаев Мукамадзакирга катталсын балдар чоңойгондо барына бирдей кылып бөлүп берүү милдеттендирлсин.
2. Мыйзамдуу жагын карап, камсыздап берүү жагы башкы жер адис А.Абдухаликовго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, этика жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
А. Салиева |