Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 2-декабрындагы № 56
Марказ айыл аймагынын айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциасынын иш жүргүзүү аймагын аныктоо жана айылдык Кеңешке катоого алуу жөнүндө
Айылдардагы коомчулуктардын инвестиция ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жыйынында Марказ айыл аймагынын айылдардагы коомчулуктардын уставы ассоциациясынын конференциясында бекитилгендигин негизинде жана конференция катышуучуларынын Ассоциациясы каттоого алуу сунуш протоколун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө” №101-мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 8-пунктуна ылайык Марказ айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясынын Уставына ылайык иш жүргүзүү аймагы Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын чек ара аймагы болуп аныкталсын.
2. Кадамжай районунун Марказ айылдык Кеңешинде айылдардагы коомчулуктарды инвестициялык ассоциациясыны бекитилген уставына жана конференциясынын сунуш протоколуна ылайык Марказ айыл аймагынын айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясы каттоого алынсын.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык Кеңештин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигин ченемдик укуктук актыларынын реестрине катоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Айылдардагы коомчулуктарды инвестициялык ассоциациясынын аткаруу комитетине ассоцициясынын уставында жана ар тараптуу кызматташуу келишимдеринде көрсөтүлгөн кызматташууну ишке ашырууда көмөк көрсөтүү жагы Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
А. Салиева |