Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 2-декабрындагы № 57
Марказ айыл Өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Марказ айыл Өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Исировдун 2022-жылдагы бюджети жөнүндөгү бир жылдык планга карата бөлүштүрүү жөнүндөгү билдирүүсүн карап талкуулап чыгып, Марказ айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Марказ айыл Өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Исировдун айыл Өкмөтүнүн атайын каражаттар бөлүмү боюнча билдирүүсү эске алынсын, чыгашалар бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилсин. (1-тиркеме тиркелет)
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, экономика-финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрайымы: |
|
А. Салиева |