АЙРЫБАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Айрыбаз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылыш кезектеги он экинчи сессиясы
2023-жылдын 25-январындагы № 61
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык Ош-Баткен жолунун кызыл сызыгын бекитүү жөнүндө
2022-жылдын 30-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Коммуникациялар Министринин биринчи орун басары Н.Б. Кайынбаевде өткөн кеңешменин протоколу, 2022-жылдын 4-августундагы Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин тескемеси жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылынын 9-сентябрындагы №337-Буйругун аткаруу боюнча, айылдык Кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык Ош-Баткен жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкесинде жана жол боюндагы тилкеде жайгашкан жер участокторунун өлчөмүн башка адамдардын кыймылсыз мүлккө мурда катталган мүлктүк укуктарын эске алуу менен аларга укук күбөлөндүрүүчү документтери берилсин.
2. Кадамжай райондук №46 Жолдорду Тейлөө Мекемесине Айрыбаз айыл аймагынан аралап өткөн коомдук пайдалануучу автомобилдик жолдун 95-110 км. аралыктагы 336000 ч.метр жер аянты бекитилип берилсин.
3. Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы айыл Кеңештин жер суу тейлөө туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айрыбаз айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрайымы |
А. Салиева |