Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 20-марты № 94
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 94 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Коомдун кызыкчылыктарына кызмат кылууга багытталган мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын калыптандыруу, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 31-майындагы № 146 “Кыргыз Республикасынын 2023–2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2023–2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 94 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун уставында:
– 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи, алтынчы абзацтар менен толукталсын:
“– мамлекеттик бийлик органдарынын ишиндеги административдик-функциялык процесстерди бюрократиядан арылтуу, башкаруучулук мамилелердин натыйжалуулугун жогорулатуу жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү механизмдерин оптималдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгуу;
– мамлекеттик бийлик органдарынын ишин ченемдик-укуктук жөнгө салууну бюрократиядан арылтуу, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо функцияларын мамлекетке калтыруу менен мамлекеттик бийлик органдарынын айрым функцияларын аутсорсингге берүүнүн максатка ылайыктуулугун, айрым коомдук мамилелерди жөнгө салуудан арылтуу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле тиешелүү чөйрөлөрдө деталдуу мамлекеттик жөнгө салуу (“мамлекеттик монополия”) режимин сактоонун максатка ылайыктуулугун баалоо боюнча чараларды иштеп чыгуу.”.
2. Бул Жарлыкты ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту үчүн бекитилген штаттык сандын жана республикалык бюджетте тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-мартындагы № 21 (3677) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын
Президенти С.Н. Жапаров