АЙРЫБАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Айрыбаз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылыш кезектеги он экинчи сессиясы
2023-жылдын 25-январындагы № 65
“Көк-Талаа” муниципалдык таза суу ишканасынын 2022-жылга аткарган иштери жөнүндө жана 2023-жылга карата таза суу тарифтерин өзгөртүп берүү жагын карап бекитип берүү жөнүндө
“Көк-Талаа” муниципалдык таза суу ишканасынын 2022-жылга аткарган иштери жөнүндө маселени жана 2023-жылга карата таза суу тарифтерин өзгөртүп берүү жөнүндөгү маселени карап, талкуулап чыгып айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Көк-Талаа” муниципалдык таза суу ишканасынын 2022-жылга аткарган иштери “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. “Көк-Талаа” муниципалдык таза суу ишканасынын 2023-жылга карата таза суу тарифтери көчөдөн 22 сомго, короодон (үйдөн) 38 сом болуп бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылыш жагы айылдык Кеңештин финансы-экономика жана бюджет туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айрыбаз айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрайымы |
А. Салиева |