АЙРЫБАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Айрыбаз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылыш кезектеги он экинчи сессиясы
2023-жылдын 25-январындагы № 67
Айрыбаз айыл аймагынын тургундарынын Айрыбаз айыл Кеңештин төрайымынын үстүндөн жазган арыздарын кароо жөнүндө
Айрыбаз айыл аймагынын тургундарынын Айрыбаз айылдык Кеңешинин төрайымынын үстүндөн жазган арыздарын карап, талкуулап чыгып айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айрыбаз айыл аймагынын тургундарынын Айрыбаз айылдык Кеңешинин төрайымынын үстүндөн жазган арыздарын карап, талкуулап чыгып, жазган арыздары негизсиз деп табылсын.
2. Эгерде арыз ээлери айылдык Кеңештин чыгарган чечимдерин “Канааттандырарлык эмес” болсо, керектүү укук коргоо органдарына кайрылышсын.
3. Элден келген ушундай арыз мууңдарды биринчи кезекте айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, этика туруктуу комиссиясы карап, талкуулап чыгып, мыйзамдуулугу боюнча өз жеринде талкуулап, андан соң айылдык Кеңештин сессиясына протоколдун негизинде сунушталсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, этика жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айрыбаз айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрайымы |
А. Салиева |