Редакцияот 27.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙРЫБАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Айрыбаз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылыш кезектеги он үчүнчү сессиясы

 

 

2023-жылдын 27-январындагы № 68/4

Достук айылынын тургундарынан келип түшкөн маселени карап чыгуу жөнүндө

Достук айылынын тургундарынын балдар бакчасын ачуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү маселени карап, талкуулап чыгып, Айрыбаз айыл Кеңеши.

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1. Айрыбаз айылдык Кеңеши Достук айылынын тургундарынын маселесинин мыйзамдуулук жагын кароо айыл өкмөтүнүн юристи А.Кошоковго жана жер адиси Б. Хажихановго милдеттендирилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин Айыл суу чарбасын тейлөө жана жер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төрайымдын орун басары:

Б. Тойчиев