Редакцияот 14.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

VIII чакырылыштагы депутаттардын кезексиз XII сессиясы

2025-жылдын 14-октябры  № 12/2

Кайыңды Булак айылындыгы көмөк чордондорду Ак-Талаа райондук электр тармактар ишканасына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө 2002- жылдын 15-март №37 мыйзамынын 19-статьясына ылайык, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезексиз XII cессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Кайыңды Булак айылындагы 4-01-06-04-0111 идентификациялык кодундагы курулуп жаткан мал базарга тиешелүү болгон жер аянты 12м2, баасы 792752 сомду түзгөн көмөк чордонду жана 4-01-06-1002-0257 идентификациялык кодундагы мурунку автобазанын кире беришиндеги түндүк батыш тарабында жайгашкан жер аянты 12м2, баасы 195000 сомду түзгөн көмөк чордонду Ак-Талаа райондук электр тармактар ишканасына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2.    Токтомду аткарууга алуу Баетов айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

  Төрага

Ч. Азимжанов