АЙРЫБАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Айрыбаз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылыш кезектеги он үчүнчү сессиясы
2023-жылдын 27-январындагы № 69
Айрыбаз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджетин бекитүү жана 2024-2025-жылдарга долбоорун жактыруу жөнүндө
Айрыбаз айылдык Кеңешинин күн тартибиндеги каралуучу маселе боюнча Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 «Бюджеттик Кодексинин» негизинде түзүлүп, бюджет жана экономика комитетинде каралып, талкуулангандыгын эске алып, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы башкы эсепчиси М.Исировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Айрыбаз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясынын чечимине негиз.
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Айрыбаз айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджети киреше булагы 23587,4 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 23587,4 миң сомго №1 тиркемеге ылайык кошумча алымчасы менен бекитилсин.
2. Айрыбаз айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджети киреше булагы 23763,7 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 23763,7 миң сомго №2 тиркемеге ылайык жактырылсын.
3. Айрыбаз айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджети киреше булагы 23763,7 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 23763,7 миң сомго №3 тиркемеге ылайык жактырылсын.
4. Айрыбаз айыл өкмөтүнүн 2023-жыл үчүн негизги параметрлеринин болжолу менен киреше бөлүгү 23857,4 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 23587,4 миң сомго №4 тиремеге ылайык жактырылсын.
5. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте корголгон беренерлерге (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын социалдык фондуна, коммуналдык чыгымдарга, тамак-аш аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жөлөк пул) жүргүзүлсүн.
6. Бекитилген каражаттар казыналыкты айланып өтүү жолу менен пайдаланууда иш жүргүзүлсүн.
7. Айрыбаз айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджети 2023-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайымдын орун басары: | Б. Тойчиев |