Загрузка документа…
АЙРЫБАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 27-январындагы № 70
Айрыбаз айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн Достук айылынын тургундарынын арызын карап чыгуу жөнүндө
Айрыбаз айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн Достук айылынын тургундарынын арызын, 2017-жылдын Марказ айылдык Кеңешинин 4-февралындагы №10-токтомундагы “А.Орозбековдун 120 жылдыгы” орто мектебинин аты Ооган согушунда курман болгон “Сайдилла Каримовдун” наамына өзгөртүү боюнча жана саламаттыкты сактоо, билим берүү, аялдар, жаштар спорт жана маданий өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 26-январындагы чечимин карап, талкуулап чыгып, айыл Кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айрыбаз айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн Достук айылынын “А.Орозбековдун 120 жылдыгы” орто мектебине Ооган согушунда курман болгон “Сайдилла Каримовдун” наамына өзгөртүлсүн.
2. Ушул токтомду колдоп берүү жагы Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж. Гайбуллаевтен суралсын.
3. Мектептин аты Ооган согушунун катышуучусу “Сайдилла Каримовдун” атына өзгөргөндүгүнө байланыштуу иш кагаздарын, мөөр штамптарын жаңылоо жагы ата-энелер комитетине милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы саламаттыкты сактоо, билим берүү, аялдар, жаштар спорт жана маданий өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайымдын орун басары: | Б. Тойчиев |