Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы 21-сессиясы
2023-жылдын 15-декабры № 1
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 2022-жылдын 16-сентябрындагы кезектеги № 12-сессиясынын отурумундагы № 12 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Ноокат райондук прокуратурасын 2023-жылдын 07-декабрындагы № 23/784 сандуу КАРШЫЛЫК БИЛДИРҮҮ катында Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин Жандама айылында жайгашкан “Сахаба” мечитинин аймагында жайгашкан “Мегаком” компаниясына тиешелүү антенасынын ижара акысын мыйзам чегинде мечиттин муктаждыктарына иштетүүгө макулдук берүү жөнүндөгү” токтому Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 5-беренесинин 2-абзацынын жана Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү” кодексинин 101-беренесинин талаптарына дал келбегендигинин карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 39-беренесинин, 5-бөлүгүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесин жетекчиликке алып, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 2022-жылдын 16-сентябрындагы кезектеги № 12-сессиясынын отурумундагы № 12 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2.Токтомдун бир нускасы Ноокат райондук прокуратурасына жиберилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук, тартипти сактоо, коррупцияга каршы күрөшү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |