Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-январындагы № 1
2022-жылга бюджетти бекитүү тууралуу
Айыл өкмөтүнүн берилген материалдарын угуп жана карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү бюджетти кароо жана бекитүү” Бюджеттик Кодексинин 102-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “2022-жылга Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолдоо боюнча” Жогорку Кеңешинин кабыл алуусуна байланыштуу, Жайыл айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. 2022-жылга Жайыл айыл аймагынын бюджети Бекитилсин:
- 2022-жылга киреше бөлүгү – 7912, миң сом
- атайын каражаттар – 760 миң сом
2. 01.01.2022-жылга чыгаша калдыктары Бекитилсин:
- бюджеттик каражаттар – 2033,7 миң сом
- атайын каражаттар – 175,4 миң сом
3. 2023-2024-жылдарга Жайыл айыл аймагынын жергиликтүү бюджеттин болжолду киреше бөлүгү Бекитилсин:
- 2023-жылга болжолдуу киреше бөлүгү – 8820,0 миң сом
- 2024-жылга болжолдуу киреше бөлүгүг – 8928,0 миң сом
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.
Жайыл айылдык кеңешинин Төрагасы |
А.А.Мамбеткулов |