Редакцияот 15.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШНИН ТОКТОМУ

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы 21-сессиясы

 

2023-жылдын 15-декабры № 2

 

Жаӊы-Ноокат айылдык Кеӊешинин VII- чакырылышындагы 2023-жылдын 18- августундагы кезектеги 18-сессиясынын № 10 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

 Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” жана “Айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, соода, архитектура, жол, транспорт, өнөр-жай, кайра иштетүү, коммуникация, таза суу жана электр энергиясы” боюнча туруктуу комиссияларын 2023-жылдын 11-декабрындагы кошмо жыйынын протоколуна жана сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму                                                   

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жаӊы-Ноокат айылдык Кеӊешинин VII- чакырылышындагы 2023-жылдын 18-августундагы кезектеги 18-сессиясынын “Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы Жандама айылы менен Катта-Тал айылы чектешкен мурдагы “Маданият” колхозуна тийиштүү болгон, 1986-жылдарда казылып, 1990-жылдарга чейин пайдаланылып келинген, азыркы күндө жараксыз абалда калып кеткен скважинаны кайра калыбына келтирүү долбоорунун каржылоосу  жөнүндөгү” № 10 сандуу Токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1.Эски редакциясынын 1 абзацындагы:

“Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Жандама айылы менен Катта-Тал айылы чектешкен жерде, 1986-жылдарда казылып, 1990-жылдарга чейин пайдаланылып, 1994-жылда “Маданият” колхозу майда дыйкан-чарбаларга тарап кеткенден кийин, кароосуз, талкаланып, жараксыз абалда калган скважинаны кайра калыбына келтирүү долбоорун 2023-жылда ишке ашыруу максатында: айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинде акча каражатын танкыстыгына байланыштуу, 3 199 800 (үч миллион жүз токсон тогуз миң сегиз жүз) сом өлчөмүндө акча каражаты Ош областык мамлекеттик өнүктүүрү фондунан  каржылоосу суралсын» деген сөздөр:Жаңы редакциясынын 1-абзацына төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү  менен : «Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Жандама айылы менен Катта-Тал айылы чектешкен жерде, 1986-жылдарда казылып, 1990-жылдарга чейин пайдаланылып, 1994-жылда “Маданият” колхозу майда дыйкан-чарбаларга тарап кеткенден кийин, кароосуз, талкаланып, жараксыз абалда калган скважинадан Катта-Тал айылына суу түтүктөрүн тартуу үчүн материалдарды сатып алуу долбоорун 2023-жылда ишке ашыруу максатында:  жергиликтүү бюджетте акча каражатын танкыстыгына байланыштуу, 3 199 800 (үч миллион жүз токсон тогуз миң сегиз жүз) сом өлчөмүндө акча каражаты Ош областык мамлекеттик өнүктүүрү фондунан  каржылоосу суралсын» деген сөздөр менен  алмаштырылсын.

2.Ушул токтомдун аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук, тартипти сактоо, коррупцияга каршы күрөшү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

   К. Сатторов