Редакцияот 14.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

VII-чакыруу, №2-сессиялык отурум

 

 

2022-жыл 14-февраль № 3

Долбоорду бекитүү тууралуу

“Жайыл Ата” бала-бакчасынын жылытуу системасын оңдоо үчүн Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.ДЖ.Кокоевдун ““Жайыл Ата” бала-бакчасынын жылытуу казанын которуу” долбоору боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Жайыл айылдык кеңеши

 

токтом кылат:

 

1. ““Жайыл Ата” бала-бакчасынын жылытуу казанын которуу” долбоору бекитилсин.

2. ““Жайыл Ата” бала-бакчасынын жылытуу казанын которуу” долбоору Кыргыз Республикасынын региондорду өнүктүрүү фондусуна сунушталсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.

 

 

Жайыл айылдык кеңешинин

Төрагасы

 

А.А.Мамбеткулов