ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы 21-сессиясы
2023-жылдын 15-декабры № 4
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Тейит айылында уюштурулган “Апаке” мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Тейит айылында уюштурулган “Апаке” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин 2023-жылдын 11-декабрындагы № 14 сандуу катына негиз, “Апаке” мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча тайпа ачуу маселесин карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 сандуу «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Кызыл-Тейит айылында эмгектенип келе жаткан “Апаке” мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча тайпа ачууга макулдук берилсин.
2.“Апаке” мектепке чейинки билим берүү мекемесине ачылган кошумча тайпа боюнча бюджет эсебинен айлык эмгек акылары, тиешелүү өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизип берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын жана токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Сатторов |