Редакцияот 29.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШНИН ТОКТОМУ

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы 21-сессиясы

 

2023-жылдын 29-ноябры № 1

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2018-2023 жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү планына  киргизилгенине байланыштуу, Кызыл-Тейит айылындагы “Кызыл-Тейит” орто мектебинин админстративдик аймагына мини футбол аянтчасын куруу боюнча 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

 

  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2018-2023 жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү        планына  киргизилген, Кызыл-Тейит айылындагы “Кызыл-Тейит” орто мектебинин админстративдик аймагына мини футбол аянтчасын куруу боюнча 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү маселесин карап жана талкуулап, Кызыл-Тейит айыл тургундарынын 2023-жылдын 10-октябрындагы чогулушунун № 1 протоколуна негиз,  сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2-бөлүгүнүн, 2-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Ноокат айыл  өкмөтүнүн   2018-2023-жылдарга  социалдык-экономикалык  өнүгүү стратегиялык  планын  негизинде 2024-жылда Кызыл-Тейит айылындагы “Кызыл-Тейит” орто мектебинин админстративдик аймагына мини футбол аянтчасын куруу иштери  жүргүзүлсүн.

2.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тейит айылындагы “Кызыл-Тейит” орто мектебинин админстративдик аймагына мини футбол аянтчасын куруу долбооруна  өздүк салым  катары 2024-жылда  жергиликтүү бюджеттин  эсебинен  1 000 000 (бир миллион) сом  акча каражаты  каралсын.

3.Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы  М. Махмудовго жүктөлсүн.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 

   К. Сатторов