ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы 21-сессиясы
2023-жылдын 29-ноябры № 2
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Мончок-Дөбө айылынын Яш бөлүмүндөгү жаңы көчөлөрүнө наам ыйгаруу жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Мончок-Дөбө айылынын Яш бөлүмүнүн тургундарынын 2023-жылдын 23,24-октябрындагы жана 11-ноябрындагы чогулушунун протоколдорун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы № 67 сандуу “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар” жөнүндөгү жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Мончок-Дөбө айылынын Яш бөлүмүнүн төмөнкү жаңы көчөлөрүнө, эл арасында кадыр-баркка ээ болгон маркум ата-агаларыбыздын наамдары ыйгарылсын:
1-көчөгө эмгек ардагери – Омонбаев Пирхонидиндин,
2-көчөгө эмгек ардагери – Кулдашов Режапалы ажынын,
Найман каналынын четиндеги көчөгө эмгек ардагери – Салайдинов Собиржондын,
6-көчөгө эмгек ардагери – Исмонов Туланбой атанын,
8-көчөгө эмгек ардагери - Махмудов Абиджондин,
13-көчөгө эмгек ардагери – Атажанов Кенжавой атанын,
Сурпа-Таш бөлүмүнүндөгү жаңы көчөгө – Колдошов Имаркул ажынын.
2.Аталган көчөлөрдү каттоодон өткөрүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук бөлүмүнөн суралсын жана токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Сатторов |