Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы 20-сессиясы
2023-жылдын 29-ноябры № 3
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата жергиликтүү бюджеттине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жергиликтүү бюджеттине өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү максатында: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн 2-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн, 2023-жылкы жергиликтүү бюджеттинин бирдиктүү салыгынын компенсациясы эсебинен түшкөн 449 100 (төрт жүз кырк тогуз миң жүз) сом акча каражаттын Кызыл-Тейит айылындагы Күнгөй көпүрөсүнүн курулушуна ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М. Махмудовго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Сатторов |