Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 22-июнундагы № 7
Долбоорду бекитүү тууралуу
Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевдун “Алексеевка айылындагы “Колосок” бала-бакчасынын чатырын алмаштыруу” боюнча долбоорун угуп жана талкуулап, Жайыл айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. “ “Колосок” бала-бакчасынын чатырын алмаштыруу” долбоору бекитилсин.
2. ““Колосок” бала-бакчасынын чатырын алмаштыруу” долбоору Чүй облусунун өнүктүрүү фондусуна сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Жайыл айыл өкмөтүнүн КЭБнун башчысы У.К.Адековго жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.
Жайыл айылдык кеңешинин Төрагасы |
А.А.Мамбеткулов |