Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы 19-сессиясы
2023-жылдын 3-октябры № 1
Элдик Курултайга Жаңы-Ноокат айыл аймагынан делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы ПЖ № 215 сандуу “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндөгү” Жарлыгы менен бекитилген 2023-жылдын 15-декабрында өтүүчү Элдик Курултайга Жаңы-Ноокат айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында, Биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы № 1 чечимине негиз, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 7-бөлүмүндөгү, 61 жана 62-беренесине ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын 2023-жылдын 18-ноябрь күнү саат 14.00 дө өткөрүлсүн.
2.Жаңы-Ноокат айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын курамы калктын санына ылайык 200 (эки жүз) делегаттан турары белгиленсин (№ 1 Тиркеме) .
3.Тиешелүү аймак бөлүктөрүнөн жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындын делегат шайлоо боюнча жыйындар ушул жылдын 16-октябрынан тартып 26-октябрына чейин графикке ылайык өткөрүлсүн жана өкүлчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бөлүнөөрү эскертилсин (№ 2 Тиркеме).
4.Жаңы-Ноокат айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин (№ 3 Тиркеме).
5.Тиешелүү аймак бөлүктөрүндө чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүүгө жооптуу болгон Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаттары менен биргеликте айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлеринен турган комиссия курамы тиркемеге ылайык бекитилсин (№ 4 Тиркеме).
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кариевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Сатторов |
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2023-жылдын 03-октябрындагы кезектен сырткаркы № 19-сессиясынын № 1 Токтомуна № 1 Тиркеме
Жаңы-Ноокат айыл аймагынан жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынына тиешелүү аймак бөлүктөрүнөн делегаттардын бирдиктүү саны
Катар № | Айылдардын аталышы | Калкынын саны | Делегаттардын саны |
1 | Темир-Корук айылы | 1420 | 9 |
2 | Дөн-Кыштак айылы | 5822 | 36 |
3 | Тескей айылы | 2190 | 14 |
4 | Жандама айылы | 6108 | 38 |
5 | Мончок-Дөбө айылы | 870 | 5 |
6 | Жаңы-Ноокат айылы | 5780 | 36 |
7 | Катта-Тал айылы | 5856 | 36 |
8 | Кызыл-Тейит айылы | 2860 | 18 |
9 | Күнгөй-Хасана айылы | 1382 | 8 |
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жооптуу
катчысы Т.Ниязалиева
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2023-жылдын 03-октябрындагы кезектен сырткаркы № 19-сессиясынын № 1 Токтомуна № 2 Тиркеме
Жаңы-Ноокат айыл аймагынан Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча тиешелүү аймак бөлүктөрүндө өткөрүлө түрган жыйындардын графиги
Катар № | Айылдын аталышы | Өткөрүлө турган күнү жана убакыты | Өткөрүлө турган жери |
1 | Темир-Корук айылы | 16.10.2023, саат 11:00 | Темир-Корук орто мектеби |
2 | Тескей айылы | 17.10.2023, саат 11:00 | Тескей мечети |
3 | Дөн-Кыштак айылы | 17.10.2023, саат 14:30 | М.Улугбек орто мектеби |
4 | Мончок-Дөбө айылы | 18.10.2023, саат 11:00 | Мончок-Дөбө мечити
|
5 | Жандама айылы | 18.10.2023, саат 14:30 | Н.Найманбаев орто мектеби |
6 | Жаңы-Ноокат айылы | 19.10.2023, саат 14:30 | Амир-Темур орто мектеби
|
7 | Катта-Тал айылы | 20.10.2023, саат 14:30 | М.Мирзакаримов орто мектеби |
8 | Кызыл-Тейит айылы | 21.10.2023, саат 11:00 | Кызыл-Тейит орто мектеби |
9 | Күнгөй-Хасана айылы | 21.10.2023, саат 14:30 | Күнгөй-Хасана айылынын мечети |
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жооптуу
катчысы Т.Ниязалиева
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2023-жылдын 03-октябрындагы кезектен сырткаркы № 19-сессиясынын № 1 Токтомуна № 3 Тиркеме
Жаңы-Ноокат айыл аймагынан жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу комиссиянын курамы
1.Сатторов Каримжон - Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы, жумушчу
комиссиясынын төрагасы,
2.Ахйулов Нурмахаммад - Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы
жумушчу тобунун катчысы,
Мүчөлөрү:
3.Хожимаматов Абдугапар - Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн юристи,
4.Абдусаломов Абдуллажон - Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаты,
5.Собиров Маматйусиб - Жаңы-Ноокат айылынын айыл башчысы,
6.Ниязалиева Толгоной - Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жооптуу катчысы,
7.Мамажонов Исломбек - Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жооптуу
катчысы Т.Ниязалиева
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2023-жылдын 03-октябрындагы кезектен сырткаркы № 19-сессиясынын № 1 Токтомуна № 4 Тиркеме
Жаңы-Ноокат айыл аймагынан тиешелүү аймак бөлүктөрүндө чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүүгө жооптуу болгон Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаттары менен биргеликте айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлеринен турган комиссия курамынын тизмеси
Катар № | Айылдын аталышы | Өткөрүүгө жооптуу депутаттар жана айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлеринен турган комиссия курамы |
1 | Темир-Корук айылы | Сыдыкова Алийма–айылдык кеңешинин депутаты, Юсупов Ахлидин - айыл башчы, Шерматов Айбек–айыл жаштар комитетинин төрагасы, Абидов Жаныбек-көчө комитетинин төрагасы жана Акбаев Замирбек-айыл спорт комитетинин төрагасы |
2 | Дөн-Кыштак айылы | Тешебаев Айбек- айылдык кеңешинин депутаты, Хамзалиева Махабатхон-, айылдык кеңешинин депутаты, Махмудов Алижон- айыл башчы, Тойчибоев Хабибилло-М.Улугбек атындагы орто мектебинин директору жана Рузалиев Абдулхамид-айыл аксакали |
3 | Тескей айылы | Алимжонов Фуркат - айылдык кеңешинин депутаты, Махмудов Алижон-айыл башчы жана Норматов Фахриддин-көчө комитетинин төрагасы |
4 | Жандама айылы | Мамажонов Исломбек- айылдык кеңешинин депутаты, Яйлопов Абдулвохоп-айыл башчы жана Исмаилов Абдугаппар-көчө комитетинин төрагасы |
5 | Мончок-Дөбө айылы | Жураев Мусажон- айылдык кеңешинин депутаты, Нарматов Таваккал-айыл башчы жана Жумаев Авазбек- көчө комитетинин төрагасы |
6 | Жаңы-Ноокат айылы | Жалолов Тулкинжон-айылдык кеңешинин депутаты, Собиров Маматйусиб- айыл башчы, Турсуналиев Султонали–көчө комитетинин төрагасы, Холбоев Кодирберди-көчө комитетинин төрагасы жана Ганиев Боходир-көчө комитетинин төрагасы |
7 | Катта-Тал айылы | Кучканов Махмуджон, Абдиллаева Ширинхон-айылдык кеңешинин депутаттары, Артиков Абдуханнон-айыл башчы, Мамарасулов Аширмамат-көчө комитетинин төрагасы жана Холбоев Махамасултон |
8 | Кызыл-Тейит айылы | Коңурбаев Аширали-айылдык кеңешинин депутаты, Жорабаев Мурзали айыл башчы жана Шералиев Абдуганы-көчө комитетинин төрагасы |
9 |
Күнгөй-Хасана айылы |
Жамолов Жалолидин-айылдык кеңешинин депутаты, Акбаров Шухратбек-айыл башчы жана Хамролиева Гулгунча-аялдар кеңешмесинин мүчөсү |
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жооптуу
катчысы Т.Ниязалиева