Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 19-июлундагы № 9
2022 жылдын бюджеттик долбоорун жана 2023-2025-жылдарга бюджеттин божомолун бекитүү жөнүндө
2023-2025-жылдарга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүүнүн алкагында, 2022-жылга бюджеттик процесстин графигине ылайык, ошондой эле айыл өкмөтү тарабынан сунушталган материалдарды угуп жана талкулагандан кийин, Жайыл айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Өз кирешелерден жана атайын каражаттардан турган 2023-2025-жылдарга айылдык аймактын бюджетинин болжолу төмөндөгүдөй бекитилсин:
Жылдар | Баардыгы | Өз кирешелер | Атайын каражаттар | Теңдөөчү грант |
2023 жыл | 13015,7 миң сом | 7544,0 миң сом | 760,0 миң сом | 4711,7 миң сом |
2024 жыл | 13133,4 миң сом | 7610,2 миң сом | 760,0 миң сом | 4763,2 миң сом |
2025 жыл | 13247,4 миң сом | 7875,3 миң сом | 760,0 миң сом | 4612,1 миң сом |
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.
Таркатылсын: иш кагаздарына, бухгалтерияга, Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин Жайыл райондук башкармалыгына.
Жайыл айылдык кеңешинин Төрагасы |
А.А.Мамбеткулов |