Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 19-июлундагы № 10
Ички чарбалык баалуу сугаруу фондусун “Жай Булак” суу пайдалануучулар ассоциациясынын балансына бекитүү тууралуу
“Жай Булак” суу пайдалануучулар ассоциациясынын директорунун арызын угуп жана карап чыгып, 2004-жылдын 04-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Баалуу ички чарбалык сугаруу фондусун кайтаруусуз берүү боюнча” №234-токтомуна ылайык, ошондой эле 2003-жылдын 03-майындагы ““Жай Булак” суу пайдалануучулар ассоциациясына ички чарбалык баалуу сугаруу фондусун өткөрүп берүү кабыл алуу жөнүндө” №3-актысынын негизинде, Жайыл айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Төмөнкү суткалык жөнгө салуу бассейндери “Жай Булак” суу пайдалануучулар ассоциациясынын балансына бекитилсин:
- №614-контуру (Алексеевский) 1,0 га;
- №705-контуру (Щучий) 5,3 га;
- №577-контуру (Литвин) 1,2 га;
- №554-контуру (Жорон кашара) 1га;
- №489-контуру (Ызабек кошара)0,6 га;
- №268-контуру (Бедриков) 2,3 га;
-№117-контуру (Айдар) 0,5 га;
- №697-контуру (Новый участок) 1,6 га;
- №549-контуру (Болот кашара) 0,7 га;
- №511-контуру (Купка) 0,2 га;
- №489-контуру (Асан кашара) 0,6 га;
- №313-контуру (Ак там) 0,4 га;
- 223-контуру (Школ) 1,0 га;
- №74-контуру (Дача) 0,5 га.
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.
Жайыл айылдык кеңешинин Төрагасы |
А.А.Мамбеткулов |