Редакцияот 03.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШНИН ТОКТОМУ

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы 19-сессиясы

 

2023-жылдын 3-октябры № 2

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн  кайра бөлүштүрүү фонд жер эсебиндеги “Сахаба” эс алуу сейил багынын аймагындагы 0.40 га спорттук аянтчасын реконструкциялоого инвестиция тартуу максатында,  трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы жаштарга шарт түзүү жана спортту өнүктүрүү, ден-соолугун чыңдоо максатында: Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн  кайра бөлүштүрүү фонд жер эсебиндеги “Сахаба” эс алуу сейил багында жайгашкан, улуттук күрөш жана башка спорт оюндарын өткөрүлүүчү аянтчага инвестиция тартууда, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 20-сентябрындагы № 3011 сандуу катына негиз жана Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, туризмди өнуктүрүрүү, жаштар саясаты, спорт, социалдык маселелер жана  башкалар” боюнча туруктуу комиссиянын 2023-жылдын 02-октябрындагы чогулушунун протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 3-бөлүкчөсүнө жана 17-бөлүкчөсүнө ылайык,  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын отуруму                                                   

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы  жаштарга шарт түзүү жана спортту өнүктүрүү, ден-соолугун чыңдоо максатында: Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн  кайра бөлүштүрүү фонд жер эсебиндеги “Сахаба” эс алуу сейил багынын аймагындагы күрөш жана башка спорт оюндары өткөрүлүүчү 0.40 га жер аянтынын реконструкциялоо жана инвестиция тартуу үчүн ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

2.“Сахаба” эс алуу сейил багынын аймагындагы күрөш өткөрүлүүчү жер аянттын максаттык багытын муниципалдык менчик түрүндөгү спорт оюндары өткөрүлүүчү аянтча багытына  өзгөртүүлөрдү киргизүү, Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан, архитектуралык план долбоорлорун,  сметалык иш-кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо, тийиштүү бардык мамлекеттик органдар менен макулдашуу иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук, тартипти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” жана  “Айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, соода, архитектура, жол, транспорт, өнөр-жай, кайра иштетүү, коммуникация, таза суу жана электр энергиясы” боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 

   К. Сатторов