Редакцияот 03.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШНИН ТОКТОМУ

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы 19-сессиясы

 

2023-жылдын 3-октябры № 3

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы жергиликтүү жамааттар тарабынан айыл аймактын ички жолдоруна асфальт төшөө демилгесин колдоо жөнүндө

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылуу, айыл аймактын инфраструктурасын өнүктүрүү, мамлекеттик жана жеке кош каржылоону камсыз кылуу, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинде акча каражаттын танкыстыгына байланыштуу, айыл аймактын ички жолдоруна айыл өкмөтү менен жергиликтүү жамаат менен биргеликте кош каржылоону камсыз кылуу, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2023-жылдын 02-октябрындагы “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын чогулушунун протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 3-бөлүкчөсүнө жана 17-бөлүкчөсүнө ылайык,  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын отуруму                                                   

                                                   ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Жаңы-Ноокат айыл аймагынын инфраструктурасын өнүктүрүү, мамлекеттик жана жеке кош каржылоону камсыз кылуу, айыл аймагындагы жергиликтүү жамааттын эсебинен, айыл аймактын ички жолдоруна асфальт төшөө демилгесин колдоо, айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүүгүсү камсыз кылуу, айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетте акча каражаттын танкыстыгына байланыштуу, Ош шаарында жайгашкан “Глобал Строй Сервис” жоопкерчилиги чектелген коомуна 2024-жылга жергиликтүү бюджет эсебинен төлөп берүү шарты менен төмөнкү ички жолдорго № 1 Тиркемеге ылайык 5 700 000 (беш миллион жети жүз миң) сомго кепилдик катты берүүгө макулдук берилсин.

 

2.Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы  М. Махмудовго жүктөлсүн.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 

   К. Сатторов

 

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2023-жылдын

03-октябрындагы кезектен сырткаркы № 19-сессиясынын № 3 Токтомуна № 1 Тиркеме 

                                   

 

 

Жаңы-Ноокат айыл асфальт төшөөгө кепилдик кат бериле турган ички жолдордун аталышы жана каржылоо боюнча тизмеси:

 

 

 

1. К.Арапов көчөсунө                                         -                             700 000 сом

2. Исомов көчөсунө                                              -                          2 000 000 сом

3. Эски малкаана көчөсүнө                                  -                          1 500 000 сом

4. Я.Хамдамов көчөсүнө                                      -                             500 000 сом

5. М.Маматкаримов көчөсүнө                             -                          1 000 000 сом 

 

 

 

 

Бардыгы :                                                                                          5 700 000 сом

 

                     (беш миллион жети жүз миң) сом

 

 

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин

жооптуу катчы                                                                                         Т.Ниязалиева