ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы 19-сессиясы
2023-жылдын 3-октябры № 5
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Тескей айылынын жаңы көчөлөрүнө наам ыйгаруу жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Тескей айылынын тургундарынын 2023-жылдын 04-августундагы чогулушунун № 1, № 2, № 3, № 4 жана № 5 - протоколдорун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы № 67 сандуу “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар” жөнүндөгү мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Тескей айылынын жаңы көчөлөрүнө, эл арасында кадыр-баркка ээ болгон төмөнкү маркум ата-агаларыбыздын наамдары ыйгарылсын:
1-көчөгө эмгек ардагери – “Усуп ажы”,
2-көчөгө ардактуу мугалим – “Тожимамтов Турсумамат ажы”,
3-көчөгө ардактуу мугалим – “Мирзаев Гулом”,
4-көчөгө эмгек ардагери – “Заиров Комилжон ажы”
5-көчөгө коомдук ишмер – “Каримбердиев Набижон”
2.Аталган көчөлөрдү каттоодон өткөрүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук бөлүмүнөн суралсын жана токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кариевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Сатторов |