Редакцияот 03.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШНИН ТОКТОМУ

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы 19-сессиясы

 

2023-жылдын 3-октябры № 6

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 01-19/856 сандуу катына негиз, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө ишкердикти колдоо максатында, жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө

Жаңы-Ноокат айылынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө, инвестиция тартуу, кошумча жумушчу орундарын жаратып берүүгө мүмкүнчүлүгү бар айыл тургундары жана жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү маселесин карап чыгып жана талкуулап, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү” № 3-Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” Мыйзамын ишке ашыруу максатында: Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине жана 15- беренесинин 8-2 бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 сандуу “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү Жобону” бекитүү тууралуу токтомуна жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 3-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму

                                                      ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө ишкерлерге колдоо көрсөтүү, айыл аймактын  социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө инвестиция тартуу, кошумча жумушчу иш орундарын жаратып берүүгө мүмкүнчүлүгү бар айыл тургундары жана жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында: Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 01-19/856  сандуу катына негиз, айыл өкмөтүнүн имаратынын батыш тарабында, мончонун алдындагы бош жаткан, муниципалдык менчик эсебиндеги 286 чарчы метр жер аянты боюнча, Жандама айылынын тургуну жеке ишкер А.Атабековтун, социалдык объект куруу үчүн жазган арызы канааттандырылсын. Жогорудагы муниципалдык менчикте турган жер аянтына: социалдык объект куруу багыты боюнча пайдалануу милдеттендирилсин.

2.Кыргыз Республикасынын Жер, Салык Кодекстеринин жана жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 сандуу “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык ушул токтомдун аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жалоловго милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 

   К. Сатторов