ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы 19-сессиясы
2023-жылдын 3-октябры № 7
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө санитардык-эпидемиологиялык абалды жакшыртуу максатында, ийри мүйүздүү мал жана майда жандыктарды союучу (убойный) цехке жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл аймагында мал-чарба тармагында санитардык-эпидемиологиялык абалды жакшыртуу, туруктуу кармоо жана мал-чарбачылыгынын азыктарын кайра иштетүүнү жана мал-чарба тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү максатында, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиянын 2023-жылдын 02-октябрындагы чогулушунун протоколуна негиз, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 3-бөлүкчөсүнө жана 17- бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл аймагынын мал-чарба тармагында санитардык-эпидемиологиялык абалды жакшыртуу жана туруктуу кармоо максатында, Күнгөй бөлүмүнө караштуу № 362, № 367 жана № 368 контурунда жайгашкан таштак жайыт жерден муниципалдык менчик багытындагы ийри мүйүздүү мал жана майда жандыктар союучу (убойный) цехти жана ветеринардык клиника (асыл тукум уруктандыруучу комплекс) куруу үчүн 0.60 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 08-августундагы № 01-19/679 сандуу сураныч каты канааттандырылсын.
2.Кыргыз Республикасынын Жер, Салык Кодекстеринин жана жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 сандуу “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык (аукцион, конкурс жана башка талаптар), токтомдун аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысына сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жалоловго милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Сатторов |