ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы 19-сессиясы
2023-жылдын 3-октябры № 9
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 02-октябрындагы № 01-19/877 сандуу билдирүүсү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл аймагында ветеринардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо жана туруктуу кармоо маселесин карап жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиянын 2023-жылдын 02-октябрындагы чогулушунун протоколуна негиз, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 3-бөлүкчөсүнө жана 17- бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл аймагынын мал-чарба тармагында ветеринардык-эпидемиологиялык коопсуздугунун сактоо жана туруктуу кармоо максатында, Күнгөй айылындагы Кең-Сай бөлүмүндөгү таштак жайыт жерден муниципалдык менчик багытындагы ветеринария ишканасын (кубка) куруу үчүн 0.20 га жер аянтты ажыратып берүү жөнүндөгү Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 02-октябрындагы № 01-19/877 сандуу билдирүүсү канааттандырылсын.
2.Кыргыз Республикасынын Жер, Салык Кодекстеринин, жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 сандуу “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү Жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык (аукцион, конкурс жана башка талаптар), токтомдун аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысына сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары М.Жураевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Сатторов |