Редакцияот 03.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШНИН ТОКТОМУ

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы 19-сессиясы

 

2023-жылдын 3-октябры № 10

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу   “Кызыл-Тейит” орто мектебинин админстративдик аймагынан мини футбол аянтчасын куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын жаштарын колдоо, ден-соолукту чыңдоо, жаштарга шарт түзүү жана спортту өнүктүрүү максатында, “Кызыл-Тейит” орто мектебинин административдик аймагынан жер ажыратып берүү жөнүндөгү маселесин карап жана талкуулап, мектеп жамаатынын 2023-жылдын 02-октябрындагы кезексиз педагогикалык кеңешмесинин № 2 токтомуна негиз,  сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу “Кызыл-Тейит” орто мектебинин админстративдик аймагынан муниципалдык багытындагы мини футбол аянтчасын куруу үчүн 0.12 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

2.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу “Кызыл-Тейит” орто мектебинин аймагына келечекте курулуучу мини футбол аянтчасына керектелүүчү архитектуралык план долбоорлорун,  сметалык иш-кагаздарын мыйзам чегинде даярдап берүү жагы Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан жана тийиштүү бардык мамлекеттик органдар менен макулдашуу иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу,экология жана жаратылышты коргоо” жана “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, туризмди өнуктүрүрүү, жаштар саясаты, спорт, социалдык маселелер жана  башкалар” боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 

   К. Сатторов